super.kg logo

Астананын борборундагы LED-экранда интим кызматтарынын прейскуранты пайда болду

 

Астанада "Керуен Сити" соода борборунун маңдайында капысынан доллар менен прейскурант жана ачык-айкын мазмундагы жарнама пайда болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Чоң LED-экранда интимдик кызматтардын жарнактары борбор калаанын тургундарын таң калтырып, окуя болгон жерден видеолор дароо социалдык тармактарда пайда болду.

"Лед-экранга адепсиз мазмундагы жарнаманы жайгаштыруу фактысы катталды. Жетекчилик мыйзам бузуу Wi-Fi тармагын бузуп алуу менен жасалганын түшүндүрдү.

Экрандын ээси менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кызматтык текшерүү жүргүзүп, дагы ушундай окуялар кайталанбашы үчүн LED экранды демонтаждадык", - деп билгилешкен акимчиликтен.

Материалдар милицияга өткөрүлүп берилди. Азыр алар бул системага мыйзамсыз кирүү болгонбу жана жарнак мыйзамы бузулганбы текшерип жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: