super.kg logo

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

 

Борбор калаада жайгашкан түнкү клубдардын биринде профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кызматтык-издөөчү иттер менен биргеликте коомдук жайларда тыюу салынган заттардын таралышын жана колдонулушун алдын алуу максатында мерчемделген алдын алуу түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүштү.

Аталган текшерүү учурдагы мыйзамдардын алкагында жана бардык процессуалдык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Иш-чарага тыюу салынган заттарды аныктай ала турган атайын даярдыктан өткөн кызматтык иттер менен кинологдор тартылды. Адамдар көп чогулган аймактарга - бий аянтчасы, VIP-аймактар жана санитардык бөлмөлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:

  • Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок
  • Клубдун коноктору менен баңгизаттарды колдонуу жана сактоо, таратуу үчүн жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
  • Түнкү мекеменин жетекчилигине мекеменин аймагында тыюу салынган заттарды колдонууга жана таратууга жол берилбеши керектиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилди.

Мындай иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыздоого, дени сак коомдук чөйрөнү түзүүгө жана жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган.

ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы эскертет: баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралган.






ИИМдин БМЖККК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: