super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Орусияны коркутуп, Путинди сындады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Владимир Путин бүт Украинаны басып алууга аракет кылса, бул Орусиянын кыйрашына алып келерин айтты. Ал өзүнүн социалдык тармагындагы жаңы билдирүүсүндө орус лидерин кескин сынга алды.

Тиешелүү билдирүүнү Трамп Тruth Social социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

"Мен Орусиянын президенти Владимир Путин менен ар дайым абдан жакшы мамиледе болчумун, бирок ага бир нерсе болду. Ал таптакыр жинди болуп калды! Эч себепсиз эле көп адамдарды өлтүрүп жатат, мен жөн эле жоокерлерди айтып жаткан жокмун. Ракеталар жана учкучсуз учактар ​​Украинанын шаарларын эч себепсиз аткылап жатышат. Анын Украинанын бөлүгүн эмес, бүт өлкөнү алууну каалай турганын айтып келем. Бирок эгерде ал муну жасай турган болсо, бул кадамы Орусиянын кулашына алып келет. Ошол эле учурда Зеленскийдин айткан сөздөрү да анын мамлекетине көйгөй жаратат. Мунун баары мага жакпайт жана токтосо дейм", - деп жазган Трамп.

Америка Кошмо Штаттарынын башчысы эгер ал президент болгондо, бул согуш эч качан башталмак эмес экенин кайрадан кайталады.

"Бул Трамптын эмес, Зеленскийдин, Путиндин жана Байдендин согушу. Мен жөн гана одоно компетентсиздик жана жек көрүүчүлүк менен башталган чоң, жаман өрттөрдү өчүрүүгө жардам берип жатам", - деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп орус лидери Украинадагы согушту токтотууга даяр эмес экенин билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: