super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз таэквондочулары Ташкенттеги эл аралык турнирде 11 медаль жеңишти

 

Өлкөнүн жаш таэквондочулары Ташкенттеги эл аралык турнирде 11 медаль жеңишти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалымдалгандай, Өзбекстандын борборунда ITF таэквондо боюнча Pride Open эл аралык турнири өттү. Мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Азербайжан, АКШ жана Кыргызстандан 500дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандын курамында Жуманазаров атындагы Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) 11 тарбиялануучусу катышып, "спарринг" жана "туль" дисциплиналары боюнча күч сынашты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары жалпы 11 медалга ээ болушту:

5 алтын медаль:

  • Мукеев Исам — 45 килограммга чейин (10–11 жаш)
  • Түгөлбаев Адил — 26 килограммга чейин (7–8 жаш)
  • Нишамбаев Ариет — 28 килограммга чейин (7–8 жаш)
  • Понамарев Богдан — 24 килограммга чейин (7–8 жаш)
  • Камчыбеков Эрбол — 35 килограммга чейин (12–13 жаш)

4 күмүш медаль:

  • Именжанова Севара — 50 килограммга чейин (14–15 жаш)
  • Самсалиева Айдана — 50 килограммга чейин (14–15 жаш)
  • Кенжакунова Айдана — 58 килограммга чейин (16–17 жаш)
  • Иминова Аилинаиша — 45 килограммга чейин (12–13 жаш)

2 коло медаль:

  • Самсалиева Адиля — 55 килограммга чейин (12–13 жаш)
  • Абдылдаев Атайбек — 75 килограммга чейин (14–15 жаш)

"Pride Open" турнири ITF таэквондо өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти арттыруу, өлкөлөр ортосундагы достук байланышты чыңдоо жана жаштар арасында ден соолукка пайдалуу жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: