Бишкекте канча бүтүрүүчү мектепти аяктап жатканы айтылды
Бишкек шаарындагы мектептерде бул жылы 9-классты 21 миң 637 окуучу жана 11-классты 10 миң 678 бүтүрүүчү аяктап жатат. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 26-майда маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн өлкө аймактарындагы мектептерде окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу линейкалар өттү.
Белгилей кетсек, калаада тиешелүү кызматтардын жооптуу өкүлдөрүнүн күнү-түнү нөөмөтү уюштурулган. Бул күнү коопсуздукту камсыздоо максатында коомдук жайларда рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Өлкөдөгү мектептерде быйыл 11-классты 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Ал эми 9-классты 134 681 окуучу аяктоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.