Элчи Руслан Казакбаев Сомалинин Түркиядагы элчиси менен жолукту
Бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Сомалинин Түркиядагы элчиси Фатхудин Али Мохамед менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Сомали ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле аны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.
Мындан тышкары эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















