Кыргызстан курама командасынын футболчулары мюнхендик “Бавариянын” оюнуна күбө болушат
Учурда Кувейтте машыгуу сборун өткөрүп жаткан Кыргызстан курама командасынын футболчулары мюнхендик “Бавариянын” оюнуна күбө болушат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы клубдар арасындагы мелдештердин дээрлик бардыгын уткан мюнхендик “Бавария” да учурда Кувейтте машыгуу сборун өткөрүп жатат. 11-январда клуб Судандын чемпиону “Аль-Меррейх” клубу менен жолдоштук оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде утуп алган. Кезектеги оюнун алар бүгүн, 13-январда Кувейттин чемпиону “Аль-Кувейтке” каршы өткөрүшөт. Кыргызстан курама командасы дал ушул оюнга толук курамы менен чакырылды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(1)
 
	
		
			Almabek		
		
			
		
	
	
			
		
	
				13.01.2014. 12:35 
					
			
	Тайпасы:
			
		Комментарийлердин саны:
			
		Катталган:
			01-01-1970
		Соӊку аракети:
			01-01-1970 00:00
		Жынысы:
			Белгисиз
		
			+1
					
	
		
			Жакшы экен, эми ошол бойдон ооздору ачылып калбаса болду 			
		
			1  | 							
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














