Бишкекте жөө өтмөктөн кызы менен өтүп бара жаткан жаран сабалды. Себеби (видео)
Бишкекте Тoyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кичинекей кызы менен бала бакчага бара жаткан жаранды сабап кетти. Жашыруун камерага түшүп калган видео бүгүн, 27-майда социалдык желеге тарады.
Маалым болгондой, окуя 23-майда Тунгуч кичи районунда орун алган. Анда жөө адамдар өтүүчү жерден кызы менен өтүп бара жаткан жаранга аталган унаанын айдоочусу жол берген эмес. Бул учурда ал унааны буту менен тепкен.
Видеодон унааны орто жолго токтотуп коюп, жөө өтмөктөн өткөн жаранды кичинекей кызына карабай сабаган айдоочуну жана анын шеригин байкоого болот. Алардын мушташын арачалоого бир топ адамдар барышкан.
Окуя боюнча азыр тийиштүү кызматтар расмий маалымат берише элек.
27.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.