Бал өндүрүү боюнча токтом кабыл алынды
Бүгүн, 27-майда Министрлер кабинетинин "Кыргызстандын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган токтом аарылык тармагындагы эң алгачкы укуктук актысы болуп эсептелет.
"Бул токтом аарычылык тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча талаптарды белгилөө, аарычылык чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, аарычылык продукциясынын сапатын жакшыртуу жана өндүрүү көлөмдөрүн андан ары көбөйтүү, тармактын экспорттук потенциалын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында иш алып барат", - деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.