super.kg logo

Казакстанда энергетик ичкен окуучу оор операцияга туш болду

 

Казакстандын Көкшетау шаарында энергетик ичкен окуучу оор операцияга туш болду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шаардын көп тармактуу облустук балдар ооруканасында дарыгерлер мектеп окуучусуна шашылыш жана татаал операция жасашты. Баланын энергетик суусундугун ичүүсү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизип, ички органдардын оор жабыркашына алып келген.

Дарыгерлер тарабынан лапароскопия ыкмасы менен операция жүргүзүлүп, ашказандагы тешик (жара) тигилип, ич көңдөйү ириңден тазаланып, дренаж (ириң соргуч) коюлган. Дарыгерлер өспүрүмдүн өмүрүн сактап калышты. Бирок анын толук айыгышы үчүн узак убакыт талап кылынат.

"Жигит ашказан жарасы тереңдеп, тешилип кеткен ириңдүү перитонит диагнозу менен келип түштү. Мунун баарына энергетик суусундуктарын үзгүлтүксүз колдонуу себеп болгон", - деди хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Ернар Кожабеков.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, энергетиктер ашказан жарасына, гастритке, жүрөк ооруларына жана башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: