super.kg logo
  Саясат  

Бишкек–Ереван аба каттамын ачуу демилгеси көтөрүлдү

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда маалымдады.
Анда кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду.
“Бири-биринен алыс жайгашкан эки мамлекетти тарыхый байланыштар жана интеграциялык бирикмелер жакындатып турат. Андыктан калыптанган алакаларды жигердүү улантып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга умтулушубуз керек”, – деди Тургунбек уулу.
Андан тышкары ал парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү зарыл экенин билдирди.
Эки тараптуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, аны толук пайдалана албай келебиз. Андыктан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер катары капиталдын жана ресурстардын эркин кыймылын камсыздаган бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады төрага.
Ал эми Пашинян айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду.
Мамлекетиңиздердеги акыркы реформалар, айрыкча коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясаттан кабарым бар. Биз аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди ал.
Мындан тышкары Бишкек–Ереван аба каттамын ачуу демилгеси да көтөрүлдү. Мындай кадам жарандар ортосундагы алаканы арттырууга жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болору белгиленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: