"Жакшы сөздөрүңүздөр мага дем-күч берди". Рысгүл Акимжанова Эвересттеги видеосу менен бөлүштү

"Бүгүн эртең менен жер жүзүндөгү эң бийик Эвересттин чокусунан, 8849 метр бийиктиктен Кыргызстандын желегин көтөрдүм! Кыргыз элиме чоң салам айтам!
Бир жуманын ичинде эки жолу Эверестке чыгуу — мен үчүн абдан чоң сыноо болду. Бул көтөрүлүү психологиялык, эмоционалдык жана физикалык жактан өтө оор өттү. Ошентсе да ар дайым мага ишенип, колдоо көрсөтүп турган ар бириңизге терең ыраазычылык билдирем. Жакшы сөздөрүңүздөр мага дем-күч берди", - деп жазды ал.
Бүгүн, 28-майда Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна (8848 метр) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиреткени маалымдалган.
Эске салсак, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырган.
SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.
27.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.