Кыргызстанга чек ара аймактардан чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок
Кыргызстанга чек ара аймактардан чегирткелердин өтүп кирүү коркунучу жок экенин бүгүн, 28-майда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистери чек ара аймактарында зыянкеч чегирткелердин очокторун аныктоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен изилдөө жана мониторинг иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты – чек аранын эки тарабындагы адистердин тыгыз кызматташуусун камсыздоо, зыянкечтер тууралуу ыкчам маалымат алмашуу, алардын миграциясын алдын алуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.