Кыргызстандык спортчулар Азия чемпиондугунда 7 медаль утушту






Өлкөнүн ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тажикстандын Худжант шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, мелдеш 16-20-май күндөрү өтүп, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген 350дөн ашык спортчу катышты. Улуттук курама команда 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль тагынышты.
Алтын медалдын ээлери:
- 27 килограмм салмакта Зубайир Улугбеков;
- 30 килограмм салмакта Абубакир Салахитдинов;
- +100 килограмм салмакта Каримжон Балтабайев.
Күмүш медалдын ээлери:
- 60 килограмм салмакта Йылмаз Эмирбеков;
Коло медалдын ээлери:
- 65 килограмм салмакта Ахрор Хамракулов;
- 60 килограмм салмакта Дастан Каныбек уулу;
- 70 килограмм салмакта Мухаммед.
Курама команда машыктыруучулар Тагайбек Өмүржанов жана Немат Юсуповдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.