Ысык-Атада турак үйдөн чыккан тилсиз жоо ири чыгымга алып келди
Бүгүн, 28-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 08:43тө толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү. Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















