Кара-Кулжада 38 жаштагы аялдын өлүмү: Милиция айрым маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтты
Ош облустук милициясы Кара-Кулжадагы 38 жаштагы аялдын өлүмү боюнча тарап жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтты.
Басма сөз кызматы билдиргендей, атка сүйрөтүп өлтүрүлгөндүгү жана башка эле адамдардын ыйлап жаткан видеосу жалган маалыматтар. Андыктан милиция коомчулукка туура эмес маалыматтарды таратуудан жана комментарийлерди жазуудан карманууга чакырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Кулжа районунда 20 жылдык классташтардын жолугушуусуна барган аял жолдошунун колунан ажал тапкандыгы айтылган. Алдын ала маалымат боюнча, маркум ок атуучу куралдын огунан алган жарааттан көз жумган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.