super.kg logo

Чүй проспектисинде жаңы чырактар орнотулду

 

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы Чүй проспектисинде Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тышкы жарыктандыруу системасын жаңылоону аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, долбоордун алкагында 84 чоюн мамы орнотулуп, 3000 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды. "Питердик" таянычтар бышык жана дат баспаган чоюндан жасалган. Алар бышык гана болбостон, көчөлөргө жакшы эстетикалык көрүнүш берет.

Ошондой эле жаңы жарыктандыруу проспектке параллелдүү жайгашкан жөө жүргүнчүлөр аллеясына да орнотулду. Жарык чачкан заманбап чырактар орнотулуп, устундар коюлуп, эс алуу аймагы коопсуз болуп калды.

Буга чейин ушундай эле чоюн таянычтар Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки тилкеге орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: