Баш калаада таштанды өрттөгөндөргө 1 миллион сомдон ашык айып салынды
Бишкек шаарында жыл башынан бери чөптү жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары боюнча 89 протокол түзүлүп, 1 055 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындай маалымат менен калаа бийлиги бүгүн, 28-майда бөлүштү.
Белгилүү болгондой, анын ичинен жеке адамдарга 480 000 сом, юридикалык жактарга 575 000 сом айып салынган.
Ошондой эле алдын алуу иштери жүргүзүлүп, мончолордо көмүр жана отун колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, калаада тигүү өнөр жайынын калдыктарын, пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарды (бутылка, банкалар ж.б.), желим (автомобиль дөңгөлөктөрү, камералар ж.б.), лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.