Бүгүн "Аль-Наср" Криштиану Роналдунун клубдан кеткенин жарыялашы мүмкүн
Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футбол клубу чабуулчусу Криштиану Роналдунун кеткенин жарыялай турганын Marca басылмасы жазып чыкты.
Бүгүн, 29-майда клуб маалымат жыйынын өткөрүп, бардык деңгээлдеги, анын ичинде команда жана администрациядагы көптөгөн өзгөрүүлөрдү жарыялайт.
Буга чейин Криштиану Роналду социалдык тармактагы баракчасында жакында командадан кетиши мүмкүн экенин билдирген пост жарыялаган. Footmercato порталы ал "Аль-Наср" клубунан "Аль-Хилялга" өтүшү мүмкүн экенин жазган.
Роналду саудиялык командада 2023-жылдан бери ойноп келет. Анын келишими ушул жайда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.