super.kg logo

Ажаткананын суусу каналга агып... Ошто мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды (видео)

 
Ош облустук ооруканасынын кире беришиндеги курулуштарды жана соода жайларды алып салуу иштеринин жүрүшүндө саркынды суу түтүктөрүн Увам каналына чыгарып алган коомдук тамактануучу жай жана дарыкана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирип, видео бөлүштү.
Анын айтымында, буга чейин аталган жайдан чыккан жаман суулар каналга түшүп турган. Учурда ал жерден суу түтүгү үзүлүп, курулушу бузулууда.
"Жерине Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери чакыртылып, аталган факт боюнча акт түзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жаза колдонулмай болду. Ошондой эле мунун алкагында жанаша жайгашкан башка дагы коомдук тамактануучу жайлар, дүкөндөр жана дарыканалардын саркынды суу түтүктөрү текшерилет", - деп айтылды маалыматта.





Ошто мыйзамсыз аракеттер аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: