super.kg logo

Украина менен Орусиянын кезектеги сүйлөшүүсүнүн алдында Эрдоган билдирүү жасады

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина менен Орусиянын ортосундагы мүмкүн болгон жаңы сүйлөшүү алдында эки тарапты ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк берүү чакырыгы менен кайрылды. Бул тууралуу DW маалымат агенттиги жазды.

"Биз азыр Орусия жана Украина менен тыгыз байланыштабыз. Биз аларга эшик али жабыла элек кезде аны жаап салбоону айтып жатабыз", - деди Эрдоган 29-майда.

"Ар бир жолугушууда биз бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керектигин эскерте беребиз. Аймактагы бул чоң өрттү өчүрүү - бул адамзат алдында турган гуманитардык милдет", - деп кошумчалады ал, Украинанын аймагында жүрүп жаткан согуш тууралуу сөз кылып жатып.

Белгиленгендей, Стамбулда жаңы сүйлөшүү пландалууда, бирок аны уюштуруу боюнча пикир келишпестиктер бар.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-июнда Стамбул шаарында Украина менен экинчи түз сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылган. Украина бул сунушту жалпы кабыл алганын, бирок сүйлөшүү алдында Орусиянын тынчтык боюнча шарттарын камтыган меморандум менен таанышкысы келерин билдирген.

"Орусия тарапта дагы төрт күн бар. Ошол убакыт аралыгында документти берип, биз ага алдын ала көз чаптыра алабыз. Украина дайыма конструктивдүү бойдон калат. Ар бир жолугушуу жыйынтык алып келиши керек, ошондуктан алар кылдат даярдалышы шарт", - деп жазды Украинанын делегация башчысы, коргоо министри Рустем Умеров X социалдык баракчасына.

Орусия тарап Украинадан келген мындай талапты "конструктивдүү эмес" деп баалады.

"Орусия дал ошол дүйшөмбүдө (2-июнда) Стамбулда жолугушуп, тынчтык долбоорлорун талкуулайлы деп сунуш кылган. Эми ошол документтерди алдын ала талап кылуу — бул конструктивдүү мамиле эмес. Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин так билдириши керек", - деди Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: