Кара-Кулжада 38 жаштагы аялдын өлүмү: Шектүү 2 айга камалды

Маалымдалгандай, сот 29-майдагы токтому менен Кара-Кулжа РИИБинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Айыпталуучу А.Б.ны 27-июлга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ал ЖАКтын Ош шаарындагы №25-мекемесине жайгаштырылды.
Белгилей кетсек, 27-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ок жеп, каза болгондугу айтылган болчу. Шектүү ошол эле күнү кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:59
2025-05-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.