super.kg logo

Акыйкатчы Екатеринбургда кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн укту

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Орусиядагы иш сапарында Свердлов облусу жана Екатеринбург шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууга Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова да катышты.

Анда эмгек мигранттарын каттоо, кош жарандуулук, балдардын билим алуусу, Орусиянын аэропортторундагы текшерүүлөр жана башка актуалдуу маселелер айтылды.

Мигранттар Кыргызстанда окуп жаткан балдары бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтышты.

«Балдарыбыз өз мекенибиз Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында окушат, Бирок алар Орусиянын жараны болгондуктан кыйынчылык туудуруп жатат. Ар үч ай сайын өлкөдөн чыгып турууга мажбур болушууда», — деп даттанышты алар.

Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишев ата-энелерге балдарына кыргыз жарандыгын дагы алып, чек арадан өткөндө ошол паспортту колдонууга кеңеш берди.

"Кыргызстандыктар Екатеринбургдагы миграциялык борбордогу узун кезек көйгөйүн да көтөрүштү.

Татьяна Мерзлякова ал борбор жабылып, анын ордуна чоңураак жана ыңгайлуу имарат ачыларын билдирди.

Диаспора лидерлери жаңы миграциялык борборго ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө зал ачууну өтүнүштү.

Кыргыз жарандары Орусиянын мамлекеттик органдарынан аэропорттордо текшерүүлөрдү жөнөкөйлөтүүнү да суранышты.

Мындан тышкары алар Екатеринбург шаарынын бийлигине да кайрылып, шаардын бир көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну өтүнүштү", - деп билдирди Акыйткатчы институтунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: