super.kg logo

Visa системасы аркылуу ыкчам эл аралык которуулар — эми BakAi тиркемесинде!

 

Мындан ары Bakai Bank’тын колдонуучулары акчаны карта номери же телефон аркылуу Кыргызстан ичинде, ошондой эле андан тышкаркы өлкөлөргө да тез жана коопсуз жөнөтө алышат. BakAi тиркемесинде которуунун эки жаңы түрү жеткиликтүү — Visa Direct жана Visa+.

Visa Direct — карта номери аркылуу которуулар

1. Карта номерин, алуучунун аты-жөнүн, сумманы киргизип, тастыктоо жетиштүү — акча көз ачып-жумганча жетет.
2. Которуулар Азия, Европа Биримдиги, Жакынкы Чыгыш жана башка аймактарды кошкондо 80ден ашуун өлкөдө жеткиликтүү (толук тизмеси банктын расмий сайтында бар).

Visa+ — телефон номери аркылуу акча которуулар

1. Алуучунун телефон номерин, аты-жөнүн киргизиңиз — эгерде анын Visa картасы Visa+ системасына байланган болсо, которуу дароо жөнөтүлөт.
2. Ыңгайлуу: карта номерин билүүнүн кереги жок.
3. Visa+ КМШ өлкөлөрүндө (Украина, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Молдова, Тажикстан) жана Кыргызстандагы айрым банктарда жеткиликтүү, ошондой эле келечекте бул дагы кеңейет.

Visa Direct жана Visa+ акча которуулар үчүн Кыргызстан ичинде 2025-жылдын аягына чейин комиссия алынбайт. Ал эми чет өлкөгө каражат которуу болгону 1% (эң аз 2 АКШ доллары).

Бардык маалымат жана операциялар Visa’нын эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык корголот.

Bakai Bank жана BakAi тиркемеси менен которуулар дүйнө жүзү боюнча ыкчам, ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп калды! Эл аралык каржынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн дароо азыр пайдаланып көрүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: