Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча турнир өтүүдө
Бүгүн, 31-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп жатат.
Мелдешке 16 команда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышууда.
Турнир борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтүүдө.
Мелдеш эртең, 1-июнда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.