"Рахмат, Илон". Трамп Маскка алтын ачкыч тапшырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн алтын ачкычын АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин жетекчиси кызматынан кеткен миллиардер Илон Маскка тапшырды. Бул тууралуу The Hill басылмасы жазды.
Маалым болгондой, жума күнү Масктын кызматтан кетишине байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлдү.
"Рахмат, Илон. Аман болуңуз", - деген Трамп.
Америкалык лидердин айтымында, миллиардер мамлекеттик ишинде өзүн "укмуштуудай патриот" катары көрсөткөн.
Айта кетсек, 29-майда Илон Маск президент Дональд Трамптын администрациясындагы кызмат мөөнөтү аяктаганын X социалдык тармагына жазды. Ал кызматка 2024-жылдын ноябрь айында дайындалган.
31.05.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.