Брянск облусунда жүргүнчү ташыган поездге көпүрө кулап, 7 адам каза болду
Орусиянын Брянск облусунда жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, 7 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, поезд Москва-Климов багыты боюнча бара жаткан. Анда 388 жүргүнчү болгон. Кырсыктан 7 адам каза болуп, 47 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор.
Окуя болгон жерде түнкүсүн оперативдүү штаб түзүлдү. Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ырсыктын келип чыгышына транспорт иштерине мыйзамсыз кийлигишүү себеп болгону айтылды. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатышат.
01.06.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.