super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Польшанын жаңы президенти белгилүү болду

 

Кечээ, 1-июнда Польшада өткөн президенттик шайлоодо талапкер Кароль Навроцкий 51 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу польшалык TVP каналы билдирди.

Ал эми анын атаандашы, Варшава шаарынын мэри Рафал Тшасковский 49 пайыз добуш алган. Биринчи турда Тшасковский 31,36 пайыз, ал эми Навроцкий 29,54 пайыз добушка ээ болгон.

Кароль Навроцкий "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынан талапкер болгон. Ал өзүнүн консервативдик көз карашы жана улуттук суверенитетти колдоосу менен таанылган. Өзүнүн шайлоо программасында ал кошумча нарк салыгын 23 пайыздан 22 пайызга чейин төмөндөтүүнү, эки жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөр үчүн жеке кирешеден салык албаган системди киргизүүнү сунуштаган.

"Навроцкийдин жеңиши "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын аброюн бекемдеп, Польшадагы саясий кырдаалга, анын ичинде мыйзам чыгаруу жана тышкы саясат боюнча түзүмдөргө таасирин тийгизиши мүмкүн",- деп чет элдик басылмалар жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: