super.kg logo

Балдардын майрамы: Beeline бүт өлкөнүн балдарын 1-июнь менен кантип куттуктады?

 

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Beeline компаниясы кичинекей кыргызстандыктар үчүн жаркын майрам уюштурду. Уюлдук оператор борбор калаадагы жана аймактардагы балдарга кубаныч, жагымдуу учурларды жана унутулгус таасирлерди тартуулады.

Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында жайлуу Chill Zone аянтында Сүрөт тартуу боюнча акысыз мастер-класстар өттү. Таза абада чыгармачылык жана фантазия чөйрөсүндө балдар жай жөнүндө өз сүрөттөрүн жаратышты. Кичинекей сүрөтчүлөргө балмуздак берилди, ал эми өз колдору менен жараткан шедеврлерин эстеликке алып кетишти.

Аймактарда да кызыктуу болду! Beeline балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чараларды колдоого алып, балдарга балмуздак жана шарларды таратты, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер Beeline дан белектерди алышты.

Натыйжада жылуу, ажайып кооз жана жүрөктү жылыткан күн балдарга сонун эскерүүлөрдү калтырды. Beeline ар бир балага бактылуу, жаркын жана бейкапар балалык каалайт!

Майрамдын эң жылуу учурлары — бул шилтеме боюнча сүрөт отчётто.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: