super.kg logo

Балдарды коргоо күнү: “Ала-Тоо” аянтындагы "Умай Групп” менен кубанычка толгон майрам

 

1-июнда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты чыныгы кубанычтын жана жомоктун борборуна айланды. Балдарды коргоо күнүн майрамдоо үчүн борбордун көптөгөн коноктору жана тургундары башкы аянтка чогулушту. “Умай Групп” компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин колдоого кубанычта болду жана алар маанилүү иш-чаранын бир бөлүгү болгонуна сыймыктанат.

Globus, SPAR, "Народный" жана "Достор" борбордун башкы аянтына дүкөн гана ачпастан, сүйүктүү азыктар, жыпар жыттуу токочтор, балмуздактар, аниматорлор, флешмобдор жана белектер менен чыныгы майрамдык маанай уюштурду.

500дөн ашык балдар компаниядан белек катары таттуу азык-түлүктөрдү алышты. Эң негизгиси белек менен кошо кубаныч жана жылмаю тартууланды.

"Биздин аниматорлор күлкү менен кубанычка толгон оюн-зоок программаларды көрсөтүп, балдарды чыныгы майрамдык көңүл ачууга чөмүлттү. Анткени, балдар биздин демибиз, эң чоң кубанычыбыз, жашообуздун мааниси жана келечегибиз.

Биз бул иш-чаранын бир бөлүгү болуп, борбор калаанын тургундары менен конокторуна кубаныч тартуулаганыбызга кубанычтабыз. Мындай иш-чаралар өзгөчө маанай менен шаарыбызды жакындатат. Бул унутулгус күндү биз менен бирге өткөргөндөрдүн баарына ыраазыбыз", - деп белгиледи “Умай Групп” компаниясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: