Апасынын унаасын айдап чыккан... Базар-Коргондо жол кырсыгынан 17 жаштагы кыз каза тапты
Базар-Коргон районунда катталган жол кырсыгынан 17 жаштагы кыз каза тапты. Маалыматты бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад ОИИБинен тастыкташты.
Облустук милиция окуя 30-майда болгонун белгилейт. Ошол күнү саат 12:50 чамасында милицияга Базар-Коргон аймактык ооруканасына бир кыздын жансыз денеси алынып келгендиги кабарланган. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Текшерүүдө 15 жаштагы өспүрүм бала апасынын Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын сурабастан айдап чыгып, Бай-Мундуз айылынында бара жатып жол четиндеги даракты сүзүп каналга түшүп кеткени аныкталган. Натыйжада жүргүнчү катары бара жаткан кыз алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

14:49
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.