Быйыл “Талас" асыл тукум заводундагы жылкылардын саны 60ка жеткирилет

“Талас" асыл тукум заводундагы жылкылардын санын жыл аягына чейин 60ка жеткирүү пландалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган завод Нарынга 4 ургаачы, 1 эркек жылкы берди. Ал эми Таластагы ат заводдо учурда жылкылардын саны көбөйүп, саны 48ге жетти. Жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү мерчемделди.
"Мекеме буга чейин жеке менчикке өтүп кеткен эки объектисин кайра өз карамагына алып, жаңы кыргыз породасындагы жылкылардын санын көбөйтүүгө жакшы шарттар түзүлгөн",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.