Адылбек Касымалиев ЕРӨБ биринчи вице-президенти Юрген Ригтеринк менен жолугушту





Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын биринчи вице-президенти Юрген Ригтеринк менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда президенттик админстрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕРӨБ ортосундагы учурдагы кырдаалды жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Төрага өлкө экономикасынын акыркы жылдардагы туруктуу оң динамикасын белгиледи. Тактап айтканда, 2025-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 11,7 пайызды түздү, бул экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана туруктуулугун тастыктайт.
Климаттык күн тартибинин маселелерине, анын ичинде Министрлер кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана улантууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар туруктуу өнүгүү, энергияны үнөмдөө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өз кезегинде Юрген Ригтеринк Кыргызстандын экономикасында акыркы жылдардагы сезилерлик оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, инфраструктураны модернизациялоого жана "жашыл" энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстан менен ЕРӨБ ортосундагы жемиштүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.