Бишкекте милиция кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды
Бишкекте чет өлкөлүк жаранды милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, акча талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя быйыл февраль айынын аягында орун алып, укук коргоо кызматкери 5000 доллар пара талап кылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада Бишкек шаарында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Ж.М. кармалды.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.