super.kg logo

Таиландда дүкөнгө кирип күрүч крекерин жеп жаткан пилдин видеосу тарады

 

Таиланддын түндүк-чыгышындагы Пак Чонг районунда жайгашкан кичинекей дүкөнгө жапайы пил кирип, күрүч крекерлерин жеп, эч нерсе болбогондой чыгып кеткен учур видеого түшүп, социалдык тармактарда кеңири тарап жатат.

Видеодо башы шыпка тийген чоң пил – Плай Бианг Лек аттуу жапайы жаныбар дүкөнгө жайбаракат кирип, бир нече куту күрүч крекерин жеп, андан кийин кайра чыгып кеткен көрүнөт.

Окуя болгон дүкөн Кхао Яй улуттук паркына жакын жайгашкан. Бул аймакта жапайы пилдер корголгон аймактардан чыгып, азык издеп адамдар жашаган жерлерге барганы көп катталат.

Бул өзгөчө "кылмыш" интернет колдонуучулардын күлкүсүн жаратып, видеонун астына тамашалуу комментарийлер кошулду. "Сканерледиңби, Бианг? Төлөөнү унуттуңбу?", "Эми эт менен булочка да сурачы" деген сыяктуу жазып жатышат.

Плай Бианг Лек - буга чейин тамак жытына азгырылып, бир ресторандын ашканасына кирип кеткени видеого түшкөн.

Экологдордун айтымында, мындай көрүнүштөр жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсү тартыш болуп жатканына байланыштуу көбөйүүдө. Учурда Таиландда жапайы пилдердин саны 3 700-4 400 экени айтылууда. Алар улуттук парктарда жашашканы менен инфраструктуранын жана дыйканчылыктын кеңейиши алардын жашоо мейкиндигин кыскартып, адам менен жаныбарлар ортосундагы кагылышууларды көбөйттү.

Пилдин "кылыгы" күлкү жаратканы менен бул окуя жапайы жаныбарлардын коопсуздугуна жана табигый чөйрөнүн бузулушуна көңүл буруу зарылдыгын дагы бир жолу эске салат.






Таиланддагы таттуу жеген пил

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: