super.kg logo

ИИМ: Өзбекстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча аймактык тегерек стол өттү

 

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ички иштер органдарынын, сот, пробация, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда Ташкентте эл аралык юридикалык форум өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Үй-бүлөлүк зомбулукка карата сот адилеттигинин макулдашылган реакциясын калыптандыруу: аймактык тажрыйба жана тобокелдиктерди баалоону колдонуу" деген темада өттү.

Белгиленгендей, жыйында эл аралык стандарттарга жана инновациялык чечимдерге, анын ичинде санариптик инструменттерге жана мекемелер аралык кызматташуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Бардык спикерлер жабыр тарткандарды коргоону жогорулатуу жана укук бузуучулардын жоопкерчилигин камсыз кылуу үчүн системдүү жана координацияланган чаралардын зарылдыгын баса белгилешти. Мындан тышкары, бардык катышуучулар зордук-зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө бирдиктүү түшүнүктү билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: