super.kg logo

Депутат Садырбаева Эверестти багындырган Асел Байбагышева менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверестке көтөрүлгөн биринчи айым Асел Байбагышева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Садырбаева альпинист айымды Эверестти багындыруусу менен куттуктады. Анын кайратына, эркине, үлгү болгонуна ыраазычылык билдирди.

"Сиз жөн гана чокуга чыккан жоксуз, сиз аялзатынын чексиз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, көптөгөн адамдарды шыктандырдыңыз. Бул кадам – кайраттуулуктун, рухий күчтүн жана максатка туруктуу умтулуунун үлгүсү", – деди ал.

Өз кезегинде Асел Байбагышева Эверестке чыгуудагы кыйынчылыктар, ага болгон даярдык жана чокуга жеткен учурдагы сезимдери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын тоолорунун экологиялык абалы тууралуу маселелер көтөрүлүп, "Таза Ала-Тоо" долбоорунун алкагында Жеңиш, Ленин жана Хан-Теңир чокуларын таштандылардан, пластик калдыктарынан жана эски аркандардан тазалоо иштери тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары Кыргызстанда альпинизмди өнүктүрүү, айрыкча аялдар арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: