Чүйдө Эсен уулу Нурлан аттуу жаран дайынсыз болууда
Чүй облусунда 28 жаштагы Эсен уулу Нурлан аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө Эсен уулу Нурландын туугандары арыз менен кайрылышты. Алардын айтымында, ал 1-июнда Нарын облусунун Кочкор айылынан Токмоктогу мал базарга мал сатып алуу үчүн келген жана ошол күнкү саат 8:00дөн бери дайынсыз болууда.
Нурландын өзгөчө белгилери:
- Бою: 160 сантиметр
- Арык чырай дене түзүлүштө
- Чачы: кара түстө
- Үстүндө кара түстөгү спорттук костюм жана башында кара кепка болгон
Эгер кимдир-бирөө Эсен уулу Нурлан тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап койсо болот:
- 03138 6-31-02
- 0555 023651
- 0707 419141
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.