super.kg logo
  Саясат  

Куланак ГЭСинин курулушунан видео жарыяланды (видео)

 

Нарындагы Куланак ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып, видеосу менен бөлүштү.

Маалым болгондой, ГЭСтин курулушу 2026-жылдын аягына чейин бүтүп, 2027-жылы пайдаланууга берилет. Бул объект ишке кирсе, өлкөдөгү энергия тартыштыгын 20 пайызга чейин кыскарат.

"Бул объектте жылына болжол менен 435 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Курулуштун жалпы наркы 118 миллион долларды түзөт. Аны эки өнүктүрүү институту - Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы колдоп, ар бири 44 миллион доллардан инвестициялоодо",- деп билдирген Новиков.

Учурда ГЭСтин курулушунда 770 адам иштеп жатат. Объект ишке берилгенден кийин 97 туруктуу жумушчу орду түзүлөт. Мындан тышкары, долбоордун алкагында жаңы сугат системин куруу каралган. Бул аркылуу сугат жерлердин аянты 4650 гектардан 6769 гектарга чейин кеңейет. Ошондой эле, натыйжасыз насостук системден баш тартып, анын тейлөөсүнө кеткен мамлекеттик чыгымдарды жылына 10 миллион сомго кыскартууга мүмкүндүк берери айтылууда.






04.06.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: