super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

 

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги "Кабар" агенттигине жарыяланды. Анда өлкө башчысы соттун Кой-Таш окуясына карата чыгарган чечими, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу дагы пикирин билдирди.

Журналист президентке "Эми Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген собол узатты.

"Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар, ал - мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот.

Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынчалык катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм.

Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм.

Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алган. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", - деп жооп берди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга карата өкүм чыгарылды. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: