super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт адам органдарын трансплантациялоо боюнча жобону бекитти

 

Министрлер кабинети “Адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомду кабыл алды. Бул тууралуу кечээ, 3-июнда аталган органдын сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, токтомдун максаты - өлкөдө адамдын органдарын жана (же) тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү жолу менен "Кыргызстандагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" өлкө мыйзамын ишке ашыруу.

"Токтом "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамында трансплантациялоо үчүн органдарды жана ткандарды алып салууну жүзөгө ашырган трансплантациялоо объекттеринин жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын тизмеси, реестрди жүргүзүүнүн тартиби жана трансплантациялоо жөнүндө корутунду берүү сыяктуу эталондук ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн ачып берет",- деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда долбоор саламаттыкты сактоо уюмдарында органдарды жана ткандарды трансплантациялоодо медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттарын кошумчалай турганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: