super.kg logo

Орусияда балдарын өлтүрдү делген эне сот отурумунда күнөөсүн моюнга алды

 

Орусиянын Канск шаарында үч баласын өлтүрүүгө шектелген эне боюнча психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Тергөө комитети шектүүнүн кылмыш учурундагы абалын билүү максатында аны Москвадагы Улуттук медициналык изилдөө борборуна жөнөттү.

Буга чейин Канск шаарынын Герцен көчөсүндөгү үйдөн үч бала – төрт жашар кыз, жети айлык жана сегиз жаштагы балдар – башы, денеси кесилген абалда табылган. Шектүү катары алардын 29 жаштагы энеси кармалып, өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Аял - үй кожойкеси, 2019-жылдан бери психиатриялык клиникада каттоодо турган. Бул окуядан аз күн мурун күйөөсүнөн кечирим сураган, бирок ал маани берген эмес", - деп жазылат маалыматта.

Бул үй-бүлө 2024-жылдын октябрынан бери профилактикалык каттоодо турган. Алардын төрт баласы болгон. Жалгыз 7 жаштагы баласы үйдө кырсык болгон маалда мектепте болуп, аман калган. Учурда таенесинин колунда. Балдардын атасы баласын сабап салганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

Укук коргоо органдары аялга 2024-жылдын сентябрь айында "параноиддик шизофрения" диагнозу коюлганын айтышкан. Сурак маалында аял кызын муунтуп өлтүргөнүн, уулдарын балта менен чапканын мойнуна алган. Тергөөдө кызынын денесинде балтанын издери да бар экенин билдирген.

Красноярск шаарынын Борбордук райондук соту аялды эки айга тергөө абагына камап, ал жерден психиатриялык жардам ала турган болду. Отурумда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: