super.kg logo

Салыкчылар ишкерлерге мыйзамсыз айып салганы белгилүү болду 

 

Салык кызматкерлери бир нече ишкерге мыйзамсыз айып пул салышканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекеттик салык кызматынын жана анын аймактык органдары тарабынан мыйзам бузуулар аныкталды. Анда салык инспекторлору 322 ишкерге мыйзамсыз түрдө 5 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салышкан. Ал эми мыйзам боюнча мындай бузуу үчүн каржылык жаза эмес, эскертүү гана каралган.

"Мыйзамдуулукту сактоо жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында салык кызматкерлерине "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 435-беренеси менен 76 токтом чыгарылып, анын жыйынтыгы менен 76 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Ар бирине 10 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 14 сунуштама тиешелүү органдарга жөнөтүлүп, 24 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды",- деп айтылат маалыматта.

Прокуратура органдары бул багытта системдүү түрдө иш алып барууну улантып жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: