Бишкекте бирөөнү тапанча менен коркуткан жаран кармалды (видео)



Бишкекте бирөөнү тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майда шаардын Карл Маркс жана Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан.
"Андан соң тараптардын бири чыр-чатактан улам 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган "Grand Power Т 12" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчасын күбөлөрдү көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркута баштаган. Ал 23-майда кармалган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, шектүүнү жеке текшерүү учурунда андан өзгөчө жыты бар ак түстөгү "порошок" салынган желим баштык табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду.
УКМК


