super.kg logo

Түркиянын Трабзон шаары суу ташкынында калды

 

Түркиянын Трабзон шаарында 4-июнга караган түнү жааган катуу жаандын кесепетинен суу ташкыны болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, селден улам ондогон үйлөрдү, мекемелерди жана жолдорду суу каптады. Өзгөчө оор кырдаал Беширли жана Молоз аймактарында орун алды. Эски жээк жолунда чоң көлөмдө суу топтолуп, бизнес-борборлор, унаа токтотуучу жайлар, мектептер жана ооруканалар жабыркады.

Трабзон облусунун губернатору Азиз Йылдырымдын айтымында, 278 чалуу кабыл алынган, алардын 267си Ортакхисар районунан болгон. Ошондой эле Акчаабат районунда 72 жаштагы Хусеин Айдын аттуу жаран дайынсыз болуп жатат. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Бийлик өкүлдөрү тургундарды сел болгон жерлерге жакындабоого чакырып, электр мамылары жана трансформаторлорго байланышкан коопсуздукка көңүл бурууну эскертишти.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 460тан ашык шаардык суу канализация кызматкерлери, 16 суу ташуучу унаа, 20 канал тазалоочу техника, 24 оор техника жана 50 башка атайын унаалар тартылган.

Ортакхисар районунун мэри Ахмет Каянын айтымында, жалпы 44 аймак жабыркап, үйлөр, ишканалар, тосмолор жана жолдор бузулган.

Белгилей кетсек, мунун алдында Түркиянын Мугла провинциясында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир өспүрүм каза тапкан. Жараксыз турак жайлар болбогону менен эл арасында дүрбөлөң жаралган.






Трабзон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: