Транспорт министрлиги оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эскертти
Оор жүк ташыган унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, чектөө жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында киргизилди.
"19-майдан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы +28 градус жана андан жогору болгон учурда болжол менен саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эске салабыз",- деп айтылат маалыматта.
Максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат. Ал эми жүргүнчү, гуманитардык жүк ташыган, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган, берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү жана жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) чектөө киргизилбейт.
