super.kg logo

Эверестти багындырган айымдарга сыйлыктар тапшырылды

 

Бүгүн, 4-июнда Эверестти багындырган Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өттү. Форумга катышкан эл өкүлдөрү кыргызстандык эки айымды Эверестти багындырып, өлкөнүн желегин желбиретип келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип куттукташты.

"Эвересттин чокусуна эрки күчтүүлөр гана чыккан сейрек көрүнүш экенин белгилеп, эл өкүлдөрү кыргыздын кыйын кыздарынын тизмеси Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжанова менен толукталганын айтышты",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыйында эл агартууга кошкон салымы үчүн мугалим Жылдыз Койчумановага да Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: