super.kg logo
  Саясат  

Парламент төрагасы Бишкекте скутерлер менен мопеддердин кыймылын иретке келтирүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана Бишкек шаарынын мэрин борбор калаада башаламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды.

Ал шаар тургундарынан скутерлер менен мопеддерге байланышкан кайрылуулар көп түшүп жатканын айтты.

"Аталган техникалар жолдордо авариялык абал жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылган учурлар көбөйдү. Катуу айдалгандыктан, түнкүсүн да шаардыктардын тынчтыгын бузушууда. Ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар да катталып жатат. Себеби скутерлер менен мопеддерди колдонгондордун көпчүлүгү жаш балдар экен. Аларга айдоочулук күбөлүк да берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да тартылбайт. Башка мамлекеттерде мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Андыктан бизде дагы скутерлер менен мопеддердин кыймылы тез арада иретке келтирилиши керек", - деди Тургунбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: