super.kg logo

Трамп Путин менен Украина жана Иран маселесин сүйлөшкөнүн билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Украинадагы согушту жөнгө салуу жана Ирандын өзөктүк маселесин талкуулаганын билдирди. Ак үй башчысы сүйлөшүү 1 саат 15 мүнөткө созулганын кошумчалады.

"Бул жакшы сүйлөшүү болду. Бирок бул дароо тынчтыкка алып келе турган сүйлөшүү болгон жок", - деп жазган ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

Ошондой эле Путин ага Украинанын соңку чабуулдарына жооп кайтаруу ниетин эскерткенин белгиледи.

"Президент Путин аэродромдорго жакында болгон чабуулга жооп берүүгө аргасыз болорун абдан чечкиндүү айтты", - деп жазат Трамп.

Мындан тышкары америкалык лидер Иран тууралуу да сүйлөшүү болгонун, Путин ал талкууга катуушуга даяр экенин айтканын маалымдады.

"Биз Ирандын өзөктүк курал боюнча чечим кабыл алуусу үчүн убакыттын азайып баратканын талкууладык. Чечим тез кабыл алынышы керек. Мен президент Путинге Ирандын өзөктүк куралы болушу мүмкүн эмес экенин айттым жана мен бул боюнча макулдашабыз деп ишенем", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкө башчысынын ортосунда сүйлөшүү болгонун ырастады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: