super.kg logo

Бишкекте таштанды жана чөп өрттөгөндөргө айып пул салынды

 

Бишкекте таштанды жана чөп өрттөгөндөргө айып пул салынды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 31-майдан 2-июнга чейин таштанды жана чөптөрдү өрттөө фактылары катталып, бул боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүмү менен 5 жеке жакка протоколдор түзүлүп, жалпы 7 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

"Ленин көчөсү, 58а дарегинде жайгашкан "Меади" заводу боюнча арыз келип түшкөн. Аталган жерге барып текшерүүдө тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары аныкталган жок. Жеринде жолду булгоо фактысы катталды жана анын негизинде 23 000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү", - деп билдирди муниципалитет.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан ушундай мыйзам бузууларга күбө болгондо, сүрөт жана видеодалил менен муниципалдык инспекциянын WhatsApp номерине жөнөтүнү суранат.

  • Муниципалдык инспекциянын WhatsApp номери: 0996 75 73 71.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: